Сот Зилалиевдин адвокатынын өтүнүчүн четке какты

Сот  Зилалиевдин адвокатынын өтүнүчүн четке какты
11-Янв. 2019, Жума, 10:31
Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин "президенттик кортеж өткөн көчөдө бомба коюлду" деп кабар таратканы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуудан баш тартты.

“Азаттык” билдиргендей, Зилалиевдин адвокаты Чынара Жакупбекова Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясына ылайык, иштин мөөнөтү өткөнүн жана Зилалиевдин тамашасынан эч ким зыян тартпаганын белгилеп, сот өндүрүшүн токтотууну суранган. Сот жактоочунун мындай өтүнүчүн четке какты.

Эскерте кетсек, инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганы, ал эми ага "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалымат айтылган.

Зилалиевге карата кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренеси менен козголгон.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды