Бишкекте эл аралык World press photo сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкекте эл аралык World press photo  сүрөт көргөзмөсү  өтүп жатат
11-Янв. 2019, Жума, 11:22

Жыл сайын өтүүчү World press photo эл аралык сүрөт көргөзмөсү эми Кыргызстанга келди. World press photo сыйлыгы көп жылдардан бери фотожурналистиканын жана документалистиканын жогорку стандартта болушуна көмөктөшүп келет.

2018-жылкы сынакта “айлана-чөйрө”, негизги жаңылык”, “спорт”, “жаратылыш”, “заманбап көйгөйлөр”, жана “эл” категориялары боюнча фотожурналисттердин эмгектери жеңишке жетишти.

Венесуэала, Agens-France-Presse

Венесуалалык фотосүрөтчү Рональдо Шемидттин Каракастагы өкмөткө каршы нааразычылык акциясындагы отко күйгөн адамдын сүрөтү башкы байгени багындырды.

"Медиа полиси" Институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, аталган сынак мыкты визуалдык журналистиканы өзүнө тартат:

“Бул фотосүрөттөр, дүйнөнүн өткөн жылдагы болгон окуялары тууралуу кайрадан эстетип, бизди сездентүүчү, чочуутуучу, таң калтыруучу, ойлондуруучу сезимдерди жаратат. Биз, бул көргөзмөнүн Кыргызстанга келишименен бирге, фотосүрөт менен кызыккан бардык адамдардын тажрыйбасы жогорулап, жаңы маалымат алуусуна шарт түзүлгөндүгүнө абдан кубануудабыз. Жашоонун өзгөрүшүнө жана технологиялардын алмашынына карабастан, адамдардын айлана-чөйрөнү көрүүсү менен өздөрүн эркин сезүүсү өзгөрбөйт”

2016-жыл. Салттарга карата, Занзибар архипелагындагы кыздар консервативдик исламдык маданияттын чектөөсү менен бирге жөнөкөй сууга үчүн кийимдеринин жоктугунан сууга сүзүүгө үйрөнө алышпайт. Бирок, Зинзабирдин түндүгүндөгү Панье долбоору бар, анын чегинде кыз-келиндер тулку боюн толугу менен жапкан кийимдерди кийип, маданиятка же динге шек келтирбестен, сууга сүзүү ыкмаларын үйрөнө алышат.

Адамдар мурдагыга караганда көбүрөөк таштанды чыгара баштады. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда, дүйнө бир күндө 3,5 тонна катуу калдыктарды чыгарып жатат. Бул өткөн жүз жылга салыштырмалуу он эсе көп. Дүйнөлүк экономикалык форум маалымдагандай, 2050-жылдары дүйнөлүк океандарда калкып жүргөн пластикалык заттардын көлөмү суудагы балыктардан да көптүк кылат.

Улуу Британия. Reuters.

2017-жылдын 27-марты. Халид Масуд ижарага алган жол тандабас унаасы менен Лодондун борборуна жайгашкан Британ элдик парламентинин жанында Вестминстер көпүрөсүнүн жө жургүнчүлөр басуучу жол менен айдаган. Кесепетинде, кеминде кырктай адам жабыркап, үчөө ордунан жан берсе, эки адам кийинчерээк каза болгон. Аны токтотууга аракет кылган полиция кызматкерин бычактап, анан өзүн атып өлтүргөн.

World press photo – 1955-жылдан бери дүйнөнүн профессионалдык фотосүрөтчүлөрү үчүн өткөрүлүп келе жаткан көз карандысыз сынак. Фотокөргөзмө Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында 24-январга чейин өтөт. Кирүү акысыз.







Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР