Турсунбай Бакир уулу жаңы нике күбөлүгүн алды

Турсунбай Бакир уулу жаңы нике күбөлүгүн алды
11-Янв. 2019, Жума, 12:05

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнөн 37 жаш кичүү жубайы Каным Автандил кызы менен никесин расмийлештирип нике күбөлүгүн алгандыгы тууралуу Каным Автандил кызы өзүнүн инстаграм баракчасына жар салды.

Эскерте кетсек, Турсунбай Бакир уулу азыркы жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап жатышат.

Каным автандил кызы постуна нике күбөлүгүнүн сүрөтүн жүктөп:

“Кыргызстандын жараны катары милдетибизди аткардык”,-деп жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР