Рамис: Мен көрүп турган нерсе башка, убагы келгенде... (видео)

Рамис: Мен көрүп турган нерсе башка, убагы келгенде... (видео)
12-Янв. 2019, Ишемби, 12:01

Акыркы убакта интернеттеги жылдызга айланган блоггер Рамис Закирияев социалдык тармактагы пикирлерге жооп кайтарды.

“Мен кандай болсом дагы башка бирөө көргүсү келгендей көрүнө албайм. Мен, өзүм каалагандай гана боло алам. Ошон үчүн силер көргүңөр келген нерсени көргөзө албай калсам кечирип койгула! Мен көрүп турган нерсе башка. Убагы келгенде түшүнөбүз деп ойлойм”, - деди ал.


Рамис Ак үйдү көздөй түкүрүп, кылган жоругу үчүн айып пул төлөөгө даяр экендигин билдирген:

“Мен болгонун болгондой айттым, түшүнүк кат жазып бердим. Кылган ишимди кылдым деп айттым. Мен мыйзам боюнча жоопкерчилик тартууга даярмын. Менин артымда эч ким жок, мени эч ким үгүттөгөн эмес. Карапайым элдин үнүн уксун деген ойдо эле бул ишти кылгам. Эч кандай уруп-согуу болгон жок. Бишкек тараптан чечишет экен. Чакыртуу болсо мен ал жакка барам, мен эч жакка качпайм”.

Блоггер арадан көп өтпөй дипломун өрттөп салган видеосун чыгарган. Ал дипломду алыш үчүн беш жыл окуп, контракт төлөп алган диплому таанышы, акчасы жоктугунан улам эч нерсеге жарабай турганын түшүндүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!