Чек ара кызматындагы курал-жарак саткандар 17 жылга эркинен ажыратылды

Чек ара кызматындагы  курал-жарак саткандар 17 жылга эркинен ажыратылды
12-Янв. 2019, Ишемби, 13:50
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуларга Чек ара кызматынын складынан курал-жарак сатканы үчүн өзүнүн чечимин чыгарды. Бул туурасында Жогорку сотунан "24.kg " маалымат агентигине кабарлашты.

Чек ара кызматынын прапорщиги Рустам Мамбетов “Курал-жаракты уурдоо же опузалап талап кылуу” жана “Курал-жаракты мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү” беренелери боюнча 17 жылга эркинен ажыратылды.

Калган айыпталуучулар “Курал-жаракты мыйзамсыз өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, наркотикалык каражаттарды же психотроптук заттарды жөнөтүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылды.

Тергөөнүн версиясы боюча ортомчу болуп Мамлекеттик чек ара кыматынын (МЧК) аскер кызматкери Жолдошбек Акуев 13 жылга, МЧК складынын экс-башчысы Эруслан Асаналиев 12 жылга эркинен ажыратылды.

Аскердик прокуратуранын айыпталуучуларга карата 4 млн 551 миң 691 сом каражатына жарандык арызы канаанттандырылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатуу боюнча шектелген. Тергөөнүн божомолу боюнча МЧК аскердик бөлүктөрүнүн биринин складынан Калашников куралын, Макаров куралын жана окторду сатылып жүргөн. Андан башка дагы милиция кызматкерлери Коргоо жана кылмыштуу топтун Мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасын кармашкан.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!