ИИМ “Шумкар” полкунда ыкчам кеңешме өткөрдү

ИИМ “Шумкар” полкунда ыкчам кеңешме өткөрдү
12-Янв. 2019, Ишемби, 15:53
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-январда ИИМ орун басары Алмазбек Орозалиевдин катышуусунда «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары жана бөлүктөрүнүн командирлери отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштери боюнча маалымат беришти. Полктун командири милициянын полковниги Орозалиев кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери тарабынан кеткен кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюуну табыштады.

"2019-жылдын 1-январында киргизилген жаңы кодекстерди окуп үйрөнүп, кызматта колдонуп, тартипти сактап, кесиптик жөндөмдөрдү үзгүлтүксүз жакшыртып турууну жана өздүк курамдын негизги багыттагы күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоого, тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө баардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу керек",-деп баса белгиледи Орозалиев.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!