Тарых илимдеринин кандидаты мыкты илимий иши үчүн 100 миң сом сыйлык алды

Тарых илимдеринин кандидаты мыкты илимий иши үчүн 100 миң сом сыйлык алды
19-Янв. 2019, Ишемби, 10:59

Тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев Бишкек баатырдын тарыхын изилдөө боюнча мыкты илимий иши үчүн коомдук ишмер Темир Сариевдин өздүк каражатынан 100 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Мындай сунуш коомдук ишмер, экс-премьер министр Темир Сариевдин демилгеси менен, анын өздүк каражатынан, Кыргызстандагы тарых илиминин өнүгүүсүнө салым кошуу максатында, Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, этнография жана археология институтунун кызматкерлери тарабынан аткарылган ийгиликтүү илимий иштерге, жарык көргөн илимий эмгектерге, кол жазмаларга, тарыхый, археологиялык жана этнологиялык экспедицияларга 2018-жылдан баштап 2022-жылга чейин жылына бир жолу 100 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берүү сунушталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Темир Сариев: “Кыргызда жакшы сөз бар, “кечээгинин тарыхын билбеген, эртеңкинин багытын билбейт”. Ошон үчүн биз өз тарыхыбызга өзгөчө басым жасашыбыз керек. Улуу кыргыз элинин тарыхын, мурасын изилдеп чыгуу - бүгүнкү күндүн талабы. Тарыхый тактык бул баарыбыз үчүн маанилүү” - деп билдирди.

Сыйлык институттун кызматкерлери тарабынан бир жылдын ичинде аткарылган мыкты илимий иштерге жылына бир жолу ыйгарылып турат. Ошондой эле сыйлык жарык көргөн илимий китепке гонорар, мыкты кол жазмага басма каражаты, маанилүү илимий экспедицияга жана илимий конференцияны уюштурууга берилет. Сыйлыкка талапкер болууга Институттун ар бир илимий кызматкери катышууга укуктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Токул Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Токул Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)