ИИМ жарандардан түшкөн даттанууларга өзгөчө көңүл бурат

ИИМ жарандардан түшкөн даттанууларга өзгөчө көңүл бурат
7-Фев. 2019, Бейшемби, 16:38

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жарандар кандайдыр-бир жаралган көйгөйлөр же маселелер боюнча жазуу түрүндө Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469, 720010 дарегине, secretariat@mvd.kg электрондук почтасына, +(996 312) 26 60 27 “ишеним телефонуна” же +(996 312) 26 60 64 “Коомдук кабылдама” аркылуу кайрылса болот. Андан сырткары, коомчулукту кабыл алуу боюнча график түзүлүп, эс алуу күндөрүнөн сырткары дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дон 17:00 аралыгында иштейт.

2018-жылдын он эки ай ичинде ИИМдин жарандарды кабыл алуу кабылдамасына жалпысынан 1695 арыз түшкөн. Ар бир арыз менен кайрылуулар мыйзамдын чегинде, өз убагында жана түзүлгөн тартипке ылайык каралат. Андан сырткары, 2018-жылдын он эки ай ичинде жалпысынан 1929 жаран ИИМдин жетекчилигинин жеке кабыл алууларында болгон. Анын ичинен ички иштер министринин жеке кабыл алуусунда 688 жаран болгон.
Ошондой эле, өткөн жылдын 12 ай ичинде ИИмге жарандардан 7480 арыз менен даттануулары келип түшкөн.

Алардын ичинен:

-Президенттик Аппараттан-292 (291 көзөмөлгө алынган);

-Өкмөттүн Аппаратынан-408 (алардын ичинен 408 көзөмөлгө алынган);

-Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан- 511 (511 көзөмөлгө алынган);

-Жогорку Кеңештен-169 (168 көзөмөлгө алынган);

-Акыйкатчыдан-56 (56 көзөмөлгө алынган);

-Башкы Прокуратурадан-52 (43 көзөмөлгө алынган);

-Жарандарды кабыл алуу жайынан-1007 (1006 көзөмөлгө алынган);

-Апостилдер-688;

-Электрондук почта аркылуу-1030 (1019 көзөмөлгө алынган);

-Ишеним телефону аркылуу-15;

- Почталар жана башкалар -3252 (565 көзөмөлгө алынган).

Жалпысынан алганда 4082 арыздар жана кайрылуулар көзөмөлгө алынган. Келген арыздардын, кайрылуулардын жана даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери, кылмыш ишине киришүүдөгү кемчиликтери, тергөөнүн жүрүшү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгү, ички иштер органдарына жумушка орношуу жана мурунку кызматына кайрадан коюу боюнча келет. Ар бир арыз, даттануу жана кайрылуу боюнча өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?