Балдар ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

Балдар ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү
7-Фев. 2019, Бейшемби, 16:45

Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасы 2019-жылды жакшы саамалыктар менен баштады. Ага себеп, аталган оорукананын бөлүмдөрүндө өткөн жылдын ичинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Бул иш-чара “2018-жыл- Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында жүргүзүлдү. Бул боюнча маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, оорукананын бир катар бөлүмдөрүндө, айта кетсек: операция жасоочу бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, сыныктар жана ортопедия, тамак-аш даярдоочу бөлүм жана таштандыларды жок кылуучу бөлүмдөрү оңдолуп-түзөлдү. Андан сырткары кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган жарандар үчүн атайын күтүүчү залы кеңейтилди. Жасалган иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган бөлүмдөрдө бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн заманбап ыңгайлуу шарт түзүлүп, жаңы техникалык жабдуулар алынды. Алардын арасында, наркоз аппараты, гастроскоп, риноскоп жабдуулары бейтаптардын айыгуусун тездетүүгө өбөлгө түзүп жатат.

Статистикага кайрылсак, 2018-жыл ичинде жалпысынан Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасына- 89360 бейтап балдар кайрылган болсо, алардын ичинен 20 885 бала ооруканага жаткырылып дарыланган. 7265 оорулуу балдарга операция жасалса, анын ичинен 2575 учур кечиктирилгис түрдө жасалган. Жалпысынан оорукана 540 орундуу болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!