Субайылда Абдыкадырованын мемориалдык тактасы жайгаштырылат

Субайылда Абдыкадырованын мемориалдык тактасы жайгаштырылат
7-Фев. 2019, Бейшемби, 17:24

Эртен, 8-февраль күнү “Даңк” медалынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын Субайылда Абдыкадырованын мемориалдык тактасы Бишкек шаарындагы Абдрахманов көчөсүндөгү №137 өзү жашап өткөн үйгө жайгаштырылат. Мындай чечим Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен 2018-жылы кабыл алынган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымдады.


Акын Субайылда Абдыкадырова 1935–жылы Жайыл районундагы Сары–Булак айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтунун алдындагы педагогикалык окуу жайын,1957–жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1957–жылы “Ленинчил Жаш” гезитинде адабий кызматкер, “Кыргызстан аялдары” журналында, Кыргыз ССРинин телерадиокомитетинде редактор, “Ала–Тоо” журналынын искусство бөлүмүнүн редактору, 1984–жылдан “Кыргызстан маданияты” гезитинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Чыгармалары басма сөздөрдө 1953–жылдан тартып жарык көрө баштаган. Акындын чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн ошондой эле айрымдары немис, англис жана жапон тилдерине которулган.

Акындын кыргыз тилинде “Булак”, “Кыз кыялы”, “Калыйпа”, “Жээренче чечен” “Мекеним”, “Жайыл бий”, “Балдар үчүн”, ал эми “Любовь пришла”, “Под осенью арчи”, жана “След” аталышындагы китептери орус тилдеринде жарык көргөн.

1957-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен маданиятынын экинчи декадасынын катышуучусу болгон.

Субайылда Абдыкадрова быйыл көзү тирүү болгондо 84 жашка чыкмак. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн үч ирет Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак граматасын”, 1958-жылы “Эмгектеги артыкчылык”, 1970–жылы “Каарамандык эмгеги үчүн” медалдары, ал эми 1991- жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы жана 2006-жылы Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен сыйланган.

Мемориалдык тактаны ачуу саат 10:00дө башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды