​16-февралга чейин кандай аба ырайы күтөт?

​16-февралга чейин кандай аба ырайы күтөт?
11-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 17:49

Кыргызгидромет борбору Кыргызстанда 16-февралга чейин кандай аба ырайы болоору тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка караганда, 12-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

14-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

16-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынынкөпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 16-феврлада күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 17-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт. 18-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!