Автоунаалардан акча уурдап жүргөн жаран кармалды

Автоунаалардан акча уурдап жүргөн жаран кармалды
11-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 20:37

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2019-жылдын февраль айынын башында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине (КМК) автоунаалардын ичинен буюмдарды уурдоо фактысына шаар четиндеги айылдарда жашаган мурда бир нече жолу соттолгон адамдын тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматтарды каттоо журналында катталып,кийинки текшерүүлөр жүргүзүлө баштаган. Ошол убакта уурулук боюнча бир нече фактылар бар болгон. 2019-жылдын 28-январь күнү түнкү маалда белгисиз адам токтоп турган «Лексус-ES» үлгүсүндөгү автоунаанын арткы терезесин талкалап, ичинен 2500 АКШ долларын, “Canon” үлгүсүндөгү фотоаппаратын, уюлдук телефонун, ар бири 3000 сомдук эки энергия топтогуч түзүлүшүн уурдап, изин жашырып качып кеткен. Бишкек шаарынын жашоочусу Биринчи Май РИИБге арыз менен кайрылып, чыгымга учуратканжактарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Биринчи Май РИИБи тарабынан кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренесинин негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.

Тергөөнүн негизинде кылмыш ишине шектелген Аламүдүн районунун 20 жаштагы жашоочусу кармалып, Биринчи Май РИИБге жеткирилген. Шектүү мурда айдап качуу жана качуу фактылары менен соттолгон. Сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн кийинки ыкчам-иликтөө иштеринин учурунда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.

Мындан тышкары 2019-жылдын 28-январь күнү Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйдүн алдынан уурулук жасоого аракет кылган. “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, бирок, көздөгөн максатына жетпей, окуя болгон жерден качып кеткен. 28-январь күнү таңында болжол менен 05:00 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү үйдүн алдынан кылмышка шектүү жаран “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, 7500 сом акча каражатын уурдап кеткен. Азыркы учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!