Сопокова: "Сүмөлөктү кыргыз таттуусу катары таанытсам дейм"

26-Апр. 2017, Шаршемби

Сүмөлөктү Нооруздун “шарапаты” менен жылына бир жолу ооз тийип жегенге үлгүрөбүз. Бул уникалдуу даамды жыл бою жеп турууга жол ачкан мекендешибиз Айнура Сопокова кадимки эле момпосуйлардын ичине сүмөлөктү маңыз (начинка) катары кошуп, таттууну сүйүүчүлөргө тартуулай баштады. Каарманыбыз мындан сырткары торттун түрлөрүн жасап, кулинариядагы соңку жаңылыктар менен кошо жарышып келе жатат.

Мындан аз убакыт мурда Ош шаарынын тургуну Айнура Сопокова сүмөлөк маңыздуу таттууну жасап чыгара баштады. Ал буга чейин таттуу даамдардын көп түрүн жасап келген болсо, эми анын рецебине жаңы табылга кошулду. Ашпозчу айым колунан жаралган даамдардын баарын "Инстаграмм" социалдык тармагына жайгаштыруу аркылуу буюртма алат.

Ичине сүмөлөк салынган таттуулар

Каарманыбыз момпосуй менен сүмөлөк айкалышканда өзгөчө даам берерин айтып, келечекте нукура кыргыз таттуусу катары таанытарын билдирди.

“Мен сүмөлөктү жыл бою муздаткычта сактайм. Курамына эч бир таттуу кошулма кошулбай кайнатылганын алам. Сүмөлөктү коюлтуп маңыз катары момпосуйдун ичине салам. Сүмөлөк бат бузула турган азык болгондуктан, чакан жана аз убакыт ичинде пайдаланыла турган буюртмалардын негизинде жасайм”,-дейт.

"Туфли" торт

Айнура айым азырынча бул табылганы чоң рынокко алып чыга элек. Анткени, сактоо мөөнөтү аз болгондуктан кардарлардын ишениминен чыгуудан чочулайт. Бирок келечекте өндүрүштүк типте мөөнөтүн узарта турган нукура кошулмаларды кошуп жасоо ниетин билдирди.

"Үй" торт

“Сактоо мөөнөтү аз болгон үчүн кардардан доомат болбошу үчүн дүкөндөргө койбойм. Буюрса келечекте фирмалык дүкөн ачып, ошол жерге өзүм жасаган таттууларды коем деген планым бар”,-деди.

Ата-энелер балдарынын туулган күнүндө бурюртма берген торттор

Ашпозчу айым майрамдарда, туулган күндөрдө, тойлордо, кечелерде тортторго буюртма алат. Анын рецебинде 100дөн ашуун торттун түрү бар.

“Европалык мусс торттордун көп түрүн жасайм. Бирок элибизде муну көп түшүнө беришпейт. Мусс торттун он пайызын гана коржик түзсө, калган бөлүгүн беш алты түрдөгү ар кандай жер-жемиш сыяктуу аралашма түзөт”,-деди.

Сүмөлөк менен момпосуйдун гармониясы

Каарманыбыз учурда чет өлкөлөрдөгү кулинардык курстарга бат-бат катышып, тажрыйба арттырып турат. Болочокто жеке өндүрүштүк ишкана ачуу тилеги бар.

“Кулинарияга кичине кезимен баштап эле кызыкчумун. Бирок кызыгуу менен гана алыска бара албайт экенсиң. Окуш керек, изденүү керек. Ойлоп көрсөм он жыл бою бир калыпта жүрүпмүн. Өз алдынча изденип үйдө жасаганым менен менде өсүү болгон эмес. Бир жыл мурун Шымкентке мастер-класска баргандан кийин көзүм ачылгандай болду. Европалык мусс торттордун түрүн жасоону үйрөндүм. Бир жылдан бери аз болсо да алга өскөнүмдү байкадым. Мурдагы жана кийинки жасаган тортторумду салыштырсам аябай эле чоң өзгөрүүнү байкадым. Өз алдынча теория жүзүндө үйрөнгөнгө караганда мастер-класстарга катышуу аркылуу текшерилген практикалык жасап көргөн нерсени үйрөнгөн алда канча натыйжалуу болот экен. Ошондуктан кулинария жаатындагы окутуу-тренингдерге бат-бат катышып турам”,-деди.


Колбаса менен сырдын жаңы формасы

Ал аны менен бирге эле үйрөнгөн жаңы ашкана сырларын башка айымдар менен да бөлүшүп, аларга үйрөтүп турат.

Айнура айым ар дайым базарда же дүкөндө узак убакыт бою бузулбай сакталып турган азык-түлүктөрдүн курамына эмнелер кошулду экен деген суроо ойлондурарын айтып, үйдө ичүүчү суудан башкасынын баарын кол эмгеги менен жасай турганын белгиледи.

Айнура айым үйрөнгөн нерселерин башка кыз-келиндер менен бөлүшүп турат

“Мен табиятыман эле балдарыма дүкөндөн же базардан даяр азык-түлүк алып бербейм. Бардык нерсе нукура болушу керек деген принципти карманып, балдар сүйүп жеген кириешкини да үйдө жасайм. Буга чейин катышкан мастер-класстардан үй шартында сыр жасоо, нанды даяр ачыткысыз (дрожжи) жасоонун сырларын үйөнүп келдим”,-дейт.

"Китеп" торт. Окуйбузбу же жейбизби?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!