Кайрымдуулук сүрөт-көргөзмөсү уюштурулат

27-Апр. 2017, Бейшемби

"Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен сүрөтчү Абазбек Апиевдин кол эмгегине таандык сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулат.

Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов билдирди. Анын айтымында, “Дүйнө балдардын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмө кайрымдуулук багытында уюштурулуп, андан түшкөн каражат жетим балдарга жумшалат.

“Сүрөт көргөзмөдөн түшкөн каражаттын 60 пайызы жетим балдарга жумшалат. Бул сүрөтчү өлкөбүздүн табиятын кыл калем менен дүйнө жүзүн кыдырып, башка элге таанытып келе жатат. Биздин фонд менен биргеликте кайрымдуулукка өз салымымды кошоюн деп жатат. Көргөзмөдө жетим балдар тарткан сүрөттөр да коюлат. Балким көпчүлүк сүрөткө кызыкпашы мүмкүн. Иш-чарага келгендер автордун кыл калеминен жаралган сүрөттөрдү сатып алуу менен бирге искусствого да салым кошкон болот”,-деди Арзыкулов.

Сүрөт көргөзмө 6-майдан 14-майга чейин "Бишкек парк" соода борборунда болот.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстанда 80 миң чамалуу кароосуз калган бала бар. Алардын 15 миңге чукулу балдар үйлөрүндө.

“Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду камкордукка алган 300гө жакын бала бар. Алардын 200ү №71 мектеп интернатындагы тарбияланып жаткан балдар болсо, калгандары Нарын жана Ысык-Көл облустардында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!