​10-март: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

​10-март: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт
9-Март 2019, Ишемби, 15:51

10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында бир аз кар жаайт. Түндө Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11,

Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11,

Баткен жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Ош облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсун 0...-5, күндуз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түндө 0…2, күндүз 9…11 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!