Айып Алакунов: "Сүрөт тартуунун көп нерсеге тиешеси бар"

Айып Алакунов:
11-Март 2019, Дүйшөмбү, 15:10

Cүрөт тартуу бул адамга табияттан берилген талант эмеспи. Бул талантты багып, өстүрүп кетүү талыкпаган мээнет менен эмгекти талап кылат. Сүрөт тартуу менен бирге сүрөтчүлөр өз оюн коомго чагылдырып беришет. Тартылган сүрөттөрдүн ар бири өзүнө тиешелүү тарыхты камтыйт, бирок тартылган сүрөттөрдүн тарыхын жана максатын ар бир адам биле бербесе керек. Эгерде сиз сүрөттөрдүн тарыхы менен таанышып, билгиңиз келсе 2019-жылдын 15-мартында саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм сүрөт искусство музейинде Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Айып Алакуновдун жеке көргөзмөсүнө келип сүрөттөр менен таанышып, көрүп кетсеңиздер болот. Бул көргөзмөнүн негизги максаты жаштарды сүрөткө болгон кызыкчылыгын арттыруу жана туура жол көрсөтүү болуп саналат. Сүрөтчү Айып Алакуновдун эмгектери менен таанышып, ZAMAN.KG сайты маек куруп кайттык.


-Өзүңүз жөнүндө айтып берсениз, сүрөткө кичине кезиңизден эле кызыкчу белениз?

-1978-жылы Нарын областына караштуу Ат Башы районунун Казыбек айылында туулгам. 1994-жылы Бишкектеги С.А.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайына тапшырып, 1998-жылы аяктадым. Ошол эле жылы Т.Садыков атындагы КР Улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшырдым. Ал жерде 5 жыл билим алып, 2003-жылы бүтүрдүм. 2003-жылдан бери ошол жерде мугалим болуп иштеп келем. Сүрөткө болгон кызыгуум кичине кезимден эле бар болчу, отуруп алып Манасты эле тарта берчүмүн.

-Көбүнчө кандай сүрөттөрдү тартууга басым жасайсыз?

-Көбүнчө өзүбүздүн өткөн доорду тарткым келет. Кээде тарыхый окуяларга байланыштуу, кыргыздардын башынан өткөн жакшы же жаман учурлар, көчмөндөрдүн жашоосу, маданияты, каада салты, цивилизациясы сыяктуу чыгармаларды жараткым келет.

-Чыгармачылык кризиске кабылган учуруңуз болду беле?

-Мындай учур дайыма эле болуп турат. Бир эле картинаны жазып жаткан учурда деле кризис бир нече жолу каптап кайра өтүп кетет. Бул табигый эле көрүнүш, ансыз болбойт.

-Алгачкы көргөзмөңүз качан жана кайсы тематикада болду эле?

-15-мартта боло турган бул менин биринчи жеке көргөзмөм. Ал эми биринчи жолу качан катышканымды айта турган болсом, 2000-жыл болсо керек эле. Студент кезимде, музейде портреттердин көргөзмөсү болоорун угуп, ошол кезде жаңы жазып жаткан (өтө мыкты деңгээлде эмес албетте) композитор Төлөгөн Томотоевдин портрети менен катышкам.

-Тарткан сүрөттөрүңүз менен коомго эмне айткыңыз келет?

-Ар бир көркөм чыгарма адамды жакшы нерсеге үгүттөөсү керек. Менин чыгармаларым да көрүүчүнү өз элин, өз мекенин сүйүп, каада салт маданиятыбызды сыйлоого чакырса деп ойлойм.

-Сүрөт тартуу сиз үчүн...

-Сүрөт тартуу мен үчүн биринчиден кесибим, экинчиден күнүмдүк жашоом, үй бүлө бага турган каражат булагым, жана башка көп нерселериме тийешеси бар.

-Эң алгачкы тарткан сүрөтүңүз эсиңиздеби?

-Жогоруда айтып кеткендей эле бала кезимде Манасты эле тарта берчүмүн, ошол гана эсимде калыптыр.


-Сүрөт тартууда кандай кызыктуу окуяларга кабылдыңыз?

-Бир кызык түш көргөм. Ал кезде 5-курста окучумун. Дипломдук чыгарма жазып жаткан кезибиз. Меники согуш темасы эле. Көп атчандын арасында кол башчы атын секиртип турган сюжет. Бир күнү түшүмдө ошондой согуш талаасында жүрүпмүн. Бир шаарды алууга даярдык жүрүп жатат, эл көп, ызы- чуу, атчандар ары бери чапкылап, жөөлөрү катапульталарды ( чепти талкалоо үчүн таш ыргыта турган механизм) орнотуп жатышат. Мен болсо ушул жерден материал чогултушум керек деп жанталашып жүрсөм эле, бир кезде эл тынчып, кайра артка жөнөй башташты. Эмне болду деп сурасам, баягы атын секиртип турчу кол башчыбыз согушпайм деп айнып кетиптир деп жатышпайбы, жинимдин келгенин айтпа.


-Өзүңүзгө жаккан сүрөттүн тарыхын айтып берсеңиз?

-Таш-Рабат жөнүндө бир нече картинадан турган серия жазайын деп ойлоп жүрөм. Биринчиси ушул. Таш-Рабаттын ичин кыдырып жүрүп ушул ой пайда болгон. Азыр болсо Таш-Рабат биз үчүн тарыхий архитектуралык эстелик эле болуп эсептелет. Барсаң ичи жымжырт, киши жок..... Бирок убагында бул жерден киши үзүлбөй, бака шака болуп, ар кайсы улуттун соодагерлери, ар кайсы мамлекеттин кербендери тынбай ары бери өтүп, ушул жерге түнөп кетип турган кезин элестетсең, сарайдын жашап турган кези көзүңө элестейт да. Бул жерде ошол кезден бир учур чагылдырылган.

-Башталгыч сүрөтчүлөргө кандай кеңеш бересиз?

-Көп иштеш керек....

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)