Март майрамында фейк гүл жөнөтүшкөн (видео)

Март майрамында  фейк гүл жөнөтүшкөн (видео)
11-Март 2019, Дүйшөмбү, 16:57

Казакстандын Астана шаарында жашаган айым гүлдүн соолуган жалбырактарынан жасалган гүлдү белекке алып, алданганын NUR.KZ басмасы жазып чыкты.

Астана шаарында жашаган жаран чет өлкөдө жургөнүнө байланыштуу ошол шаардагы сүйгөн кызына интернет аркылуу белгилүү гүл сатчу дүкөнгө буйрутма берип, сүйүктүүсүнө жеткирип берүүсүн суранган. Гүлдү жеткирип берүү кызматы үчүн 100 доллар алгандар сүйүктүүсүнө айтылган убакта, жигиттин тандоосу менен 51 кызыл розаны жеткирип беришкен.

Бирок кызыл гүлдү алган кыз анын скотч менен жабыштырып, жалан роза гүлүнүн жалбырактары, желекчелери менен жасалганын көрүп видеого тартып алган. Скотчту ачаары менен гүлдүн жалбыракчалары чачырап кетет.

100 доллар короткон жигит алыстан телефон чалып, гүл жеткиргендерге арызданганда алар күнөөсүн мойнуна алышкан. Бирок акчаны кайрып беришкен эмес. Экинчи жолу телефон чалганда алар байланышты үзүп салып,ошол боюнча жок болушкан.

Ал эми шылуундарга алданган казак жигит ушундай алдамчылыктан сак болгула деп, атайын видеосун жүктөгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!