Жалган маалымат жазгандар жазага тартылыш керекпи?

Жалган маалымат жазгандар жазага тартылыш керекпи?
16-Март 2019, Ишемби, 16:10

Акыркы убакта жалган маалыматтар интернет желесинде желдей тарап, коомчулукта дүрбөлөң жаралган учурлар көп эле кездешүүдө. Ошол эле учурда айрым саясатчыларга карата маалыматтык чабуул жасалып, бетине көө сыйпагысы келген атайын топ да активдүү иштеп жатканы баарыбызга маалым.

Буга чейин Жогорку Кеңеште такталбаган же жалган маалыматтарды тараткан Жалпыга маалымдоо каражаттарына карата чара көрүү тууралуу маселе көтөрүлүп келген. Ал гана эмес Жарандык кодекске өзгөртүү киргизип, аз дегенде 20 миң сом айып пул салыш керек деген депутат Дастан Бекешовдун демилгеси коомчулуктун сынына кабылган. Анын бул демилгесин сөз эркиндигине кысым катары балаагандар да болгон.

Миллиондогон доо жана намыс...

2017-жылдын 11-сентябрда журналист Кабай Карабековдун “24.kg” сайтына жазган "Сочиге сапар. Мураскер эмнеси менен жакшы экенин Кремлге дагы түшүндүрүп жатышат" деген макаласы чыгып, ошол убакта президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы “жалган жалаа" катары баалап, моралдык зыян катары макаланын авторунан жана “24.kg” маалымат агенттигинен беш миллион сомдон өндүрүнү соттон өтүнгөн. Жогорку сот Жээнбековдун Кабай Карабековдун доосун карап, Свердлов райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттун чечимине ылайык, макаланын автору жана маалымат агенттиктен айып пул катары 5 миллион сом төлөө милдеттендирилген. 5-февралда президент Сооронбай Жээнбеков “24.kg” маалымат агенттигине салынган айып пулду өндүрүү доосунан, 17-апрелде журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан.

Алмазбек Атамбаев боюнча "Zanoza.kg" сайтына жарыянган макалалар да соттошуу менен коштолду. Атамбаев президенттик кызматта турганда анын ар намысына шек келтирди деген негизде ошол учурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева сотко арыз менен кайрылган. 2017-жылы 6-мартта Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, Нарын Айып 9 миллион, сайттын ээси Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси, укук коргоочу Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын юристтери 10 миллион сом айып төлөөгө сот тарабынан милдеттендирилген. Иш Жогорку сотко чейин жетип, чечим өзгөрүүсүз калган.

Журналист Нарын айып соттун чечими менен “Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле? (“Президенттен миллиондор: Чынында той кимдин эсебинен?”) , «Юристы Текебаева: Груз в рухнувшем самолете принадлежал семье Атамбаева» (“Текебаевдин жактоочулары: Кыйраган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон”), “Арест Омурбека Текебаева: интрига закручивается” ( “Өмүрбек Текебаевдин камалышы: чагымчылдыктын чыңалышы”) аттуу макалаларын narynaiyp.com сайтына төгүндөгөн.

Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта кийинки жылда болгон жакшы өзгөрүүлөр болгонун белгилген экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арыздын материалдык бөлүгүнөн баш тартууга мүмкүнчүлүк берип жатканын айткан. Ал эми макаланын авторлору миллиондук доо-айыптарды “бийликтин куугунтугу” катары сыпаттаган.

Ал эми Атамбаев жана ага таандык делген “Апрель” телеканалы менен саясатчы Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев соттошуп, экс-президенттин үч саясатчыга 100 миң сомдон төлөп бербей болду. Буга анын аталган телеканалга берген маеги себеп болду. Үч саясатчы 100 миң сомдон компенсация төлөп берүү чечимине каршы болуп, апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылганы белгилүү болду. Алар соттон 18 млн.сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн эле.

Эркиндик деп элирип кетпесек...

Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн бир топ алдыда. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 98-орунда турат.

Тажикстан - 149

Түркия - 157

Казакстан - 158

Өзбекстан - 165

Кытай Эл Республикасы - 176

Түркмөнстан 178 - оорунду ээледи.

Эксперттер эмне дейт?

Журналисттер коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Марат Токоев жалган маалымат тараткандарга карата жаңы мыйзам ойлоп табуунун кажети жок деген пикирде:

“Бардыгы мыйзамда каралган. Жалган маалымат жазса мыйзамда каралган нормалар боюнча соттошо беришсин. Эмне үчүн журналисттер калп жазып жатышат? Ушунун себебин аныкташ керек. Кыянаттык түрдө жасап жатабы же буйрутма берген үчүнбү? Балким, кыянаттыкты журналистиканын стандарттарын билбегендиги үчүң же журналистикалык ишмердүүлүк ушундай экен деп түшүнгөндүгү үчүн жасап жаткандыр. Ар кандай себептери бар. Кесипкөйлүктү өстүрүп, жогорку окуу жайларда сапаттуу билим берүү жагын караштырып, тренингдердин санын өстүрүүгө аракет кылыш керек. Көп ЖМКлар кайсы бир тараптын гезити же сайты. Алардын ээлеринин өз кызыкчылыктары бар. Анда иштеген журналисттерге буйрутма берген учурлар болушу мүмкүн. Эгер аткарбасаң жумуштан кетесиң деген нерсе бар. Журналисттердин айлыгы деле мугалимдерден кийин болуш керек. Журналистика менен жашап кетүү оор болгондуктан акчага азгырылып кеткендер болот. Экономикалык жактан акчага көз каранды болбой өз ишин түз аткарууга, ЖМКлардын бутуна турушуна өбөлгө түзүш керек. Мына ушул жактардан аракет кылса кандайдыр бир жыйынтык чыгат эле. Себебин чечпей эле жөн эле жазалай берсе, анын кесепети менен күрөшкөндөй болуп калып жатат. Макул, бүгүн бирөөнү жазалайлы. Себеби чечилбегендиктен анын ордуна башкалары чыгат. Баш ооруганда дары ичип койгондой эле болуп калып жатпайбы. Оорунун себебин аныктап айыктыргандай эле нерсе”.

Кыргызстандагы маалыматтардын чын же жалган экенин (фейк) аныктаган жападан жалгыз FactCheck.kg сайты иштейт.

Аталган сайттын негиздөөчүсү жана башкы редактору Болот Темиров фейктер менен күрөшүп жатабыз деп журналисттердин мүмкүнчүлүгүн чектеп албашыбыз керек деген пикирди карманат:

“Биз фейк жаңылыктар ар кандай боло тургандыгын ажырата билишибиз керек. Беш буту бар ит жөнүндө фейк же саясат, улут тууралуу фейктер. Азыркы күндө буларды жөнгө сала турган мыйзам иштейт. Анда “Жала жабуу”, “улут аралык кастыкты козутуу” жана башка беренелер камтылган. Коомдун аң-сезими өскөн сайын, маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү (фактчек) маданиятын редакция өзү да, журналист да жогорулатышы зарыл. Бул жерде абдан кылдат болуш керек. Фейктер менен күрөшүп жатабыз деп биз журналисттердин мүмкүнчүлүгүн чектеп коюшубуз ыктымал. Башкача айтканда, кошумча карателдик жазалоочу нормалар иш жүзүндө цензураны күчөтөт”.

Ал эми парламенттик кабарчы Расул Мурат журналисттердин жалган маалымат жалган жазышына алардын социалдык абалы себеп болуп жатат деген ойдо:

“Акыркы кезде фейк жаңылыктарды билип туруп, максаттуу түрдө тараткандар абдан көп. Бул негизинен бир тараптын кызыкчылыгы үчүн жасалат. Айрым учурда ошондой топтордун жетегинде калган айрым кесиптештер фейк маалыматтарды койгулаштырып жазып чыгарып жиберишүүдө. Журналистмин дегендердин жалган маалыматты чындай жазып чыгышына биринчи кезекте алардын социалдык абалы себеп болууда. Киши болгондон кийин үй-бүлөсүн багыш керек, андыктан алар да бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн өзүнүн кесиптик билимин, тажрыйбасын садага чаап жиберип жатышат. Эгер журналисттин алган айлыгы үй-бүлөсүн кыйналбай бакканга жетсе менимче алар жалган маалымат жазып тараткандан калмак. Ошол эле кезде жалган маалыматты айрым кишилер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн таратышат. Бул болсо башка маселе».

“Freedom House” эл аралык уюмунун 2019-жылдагы жаңы баяндамадасында Кыргызстан “жарым-жартылай эркин өлкө” деп таанылды.

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан 100 баллдын ичинен 38 баллга ээ болгон. Ал арада айрым журналисттер сөз эркиндигин ээн ооздук менен алмаштырып алып, “Журналисттердин этикалык кодексин” сактабай, адамдын кабыр-баркына шек келтирген, тактабаган маалыматтарды таратып, жоопкерчиликти сезбей жатат деген дооматтар айтылып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)