​22-март: тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

​22-март: тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
22-Март 2019, Жума, 09:52

22-мартта өлкөдө түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз жамгыр жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16,

Ошто түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,

Жалал-Абадда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!