​27-март: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

​27-март: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
26-Март 2019, Шейшемби, 17:37

27-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектериңде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, өрөөндө жаан болбойт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Баткенде түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Ош облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18,

Нарын аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17 градус болот.

27-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбор калаада түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градусту түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!