29-март: тоолуу райондордо жамгыр жана кар жаайт

29-март: тоолуу райондордо жамгыр жана кар жаайт
28-Март 2019, Бейшемби, 17:58

29-мартта тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жамгыр, кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаашы күмөн.

Кыргызгидромет борборунун билдиргенине ылайык 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,

Баткенде түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Ошто түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

29-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!