​5-апрелге чейин кандай аба ырайы күтөт?

​5-апрелге чейин кандай аба ырайы күтөт?
29-Март 2019, Жума, 15:58

30-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 4-9 метрден,кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

31-мартта болсо түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-мартта күндүз жана 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкусүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 4-5-апрелдерде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!