Бишкекте ”Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

Бишкекте   ”Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт
3-Апр. 2019, Шаршемби, 14:28

2019-жылдын 5-28-апрелинде Гапар Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган.

Көргөзмөнүн идеясы:Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул адамдар жана элдер ортосундагы урмат-сыйды, достукту бекемдеп, соода-сатыктын жана туризмдин өнүгүшүн камсыздайт.

Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери өлкөбүздүн Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлары аркылуу өткөн.

Көргөзмөгө Кыргызстан, ошондой эле Жибек жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азарбайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Япония, Түштүк Корея, Пакистан, Афганистан жана Россия Федерациясы өлкөлөрүнүн элчиликтери катышып жатат. Көргөзмөнүн жүрүшүндө ар бир өлкөгө бир күндөн атайын бөлүнүп берилген. Ошол күнү өлкө өзүнүн программасы менен катыша алат, ар бир мамлекет өз өлкөсүн толук таанытууга аракет жасайт.

Көрүүчүлөр Улуу Жибек жолунда ташылган жибек, шайы, күрүч,чайлар, татымалдар (специи) мененда тааныша алат. Ар түрдүү этностордун маданиятын, салттарын, оюндарын көрүшөт, ырларын ырдап, бийлерин бийлей алышат. Кызыктуу болгон көптөгөн интерактивдүү аянтчалар иштейт. Мисалы, узуну 8 метр, туурасы 2 метр кийиз кесиндилеринен жасалган пазл -“Жандуу географиялык картаны” алар колу менен кармап көрүп, өздөрү да картаны кураштырса болот. Жибек жолундагы бардык өлкөлөр жөнүндөгү элестүү маалыматты ала алышат.

Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот. Мисалы, Кытай күнү- каллиграфия, кайчы менен оюу кесүү, Япония күнү - чай куюу жөрөлгөсү, оригами жасоо, Кыргызстандын күнү - кийиз басуу, андан буюмдарды жасоо, ал эми Өзбекстан күнү – керамикадан буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар болот.Ошондой эле Чыгыштын жоокердик искусствосу: кун-фу, каратэ, айкидо, көркөм гимнастика боюнча да мастер класстар көрсөтүлөт.

Балдар адабиятына өзүнчө бир күн арналат. Бул күнү уюштурулган баардык иш-чаралар балдарды жана жаштарды китеп окууга үндөйт."Жылдыздар балдарга китеп окуйт" акциясында балдар заманыбыздын белгилүү жазуучулары менен жолугуша алышат. Кино залда куурчак театры коюлат.

Көргөзмө “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фонду тарабынан “Кийиз дүйнө” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду