Улан Эгизбаевдин ысымы көчөгө ыйгарылды (видео)

Улан Эгизбаевдин ысымы көчөгө ыйгарылды (видео)
12-Апр. 2019, Жума, 18:10

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин ысымы Бишкектеги “Ак ордо” конушундагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылды.

У. Эгизбаевдин жакын досу Каниет Жыргалбеков zaman.kg маалымат агенттигине жаңы конуштун тургундары өзүлөрүнүн тандоосу менен Эгизбаевдин ысымын коюп, такталарды илип алышканын кабарлады.


Чыгаан журналист Улан Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган. 2012-2013-жылдары "Жаңы агым" гезитинде кабарчы болуп, 2013-жылдан тартып, "Азаттык медиа" мекемесине ишке орношкон.

Ал былтыр 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. Соттук – медициналык экспертиза анын өлүмүнүн себебин "сууга чөгүү" деп аныктаган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!