Нуркамал Асканова: “Кайдасың?” көрсөтүүсү далай адамдын тагдырын чечти

Нуркамал Асканова: “Кайдасың?” көрсөтүүсү далай адамдын тагдырын чечти
13-Апр. 2019, Ишемби, 12:56

Кыргызстандагы коомдук телеканалдын “Кайдасың?” көрсөтүүсү жакындарын жоготуп, дайынсыз болгон жарандарды табууга көмөк көрсөтөт. Аталган программанын алып баруучусу Нуркамал Асканова айым менен Кыргызстанда дайынсыз болгон адамдар тууралуу zaman.kg маалымат агенттиги маек курдук.

-"Кайдасын?" көрсөтүүсүнүн ачылганына канча убакыт болду?

-Долбоор жарыкка чыкканына туура 12 жыл болду. Ошол мезгилде өлкөбүздөгү ички-тышкы миграция күч алып,түшүнүп-түшүнбөй чет өлкөгө сапар алгандар арбын болчу. Алгачкы агымга туш болгондордун көпчүлүгү иш издеп аймактан аймакка орун которуп, документтерин жоготуп, кээси кыйынчылыкка туруштук бере албай ичимдикке берилип, же болоор-болбос иш үчүн абакка түшүп дегендей, үй-бүлөсү, жакындары менен байланышы үзүлүп калгандар болушту. Аларды издеген жакындарына көмөк көрсөтүүгө укук коргоо органдарында деле жетиштүү мүмкүнчүлүк жок эле да.Ошондуктан,бул багытта кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгынан улам “Кайдасың?” долбоорун ачууга туура келген. Ар бир иштин башталышы кыйынчылык менен коштолоору белгилүү, жыгылдык –турдук, чайналдык, чыйралдык. Анткен менен тажрыйба жагынан такшалдык. Аракетибиз күндүн талабына ылайык жүруп жатат.

-Ушунча убакыттын ичинде канча адам бирин-бири тапты жана канча адам таптакыр дайынсыз болду, сиздерде статистикасы барбы?

-Артта калган аралыкта бизге 5000ден ашык жарандар кайрылышты. Алардын жарымына ынанымдуу жоопторду бере алдык. Зарыл учурларда мамлекеттик органдар, коомдук уюмдардын жардамына таянабыз. Ар бир көрсөтүүбүздө 4-5 табылган адамдар тууралуу маалыматтарды беребиз,акыркы бөлүгү кучак жая көрүшкөн кубанычтуу учурлар менен коштолот.

Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин дайыны чыкпай, каттоодо турган 40тан ашык киши бар, алардын арбыны коңшу Казакстанга кеткен бойдон кабарсыздар болсо жарымы аялдар. Эң эле өкүнүчтүүсү дайынсыз жоголуп, табылбай калгандардын он бири 3 жаштан 12 жашка чейинки бөбөктөр.

-Бул кимдин идеясы болгон, Россиянын “Жди меня” көрсөтүүсүнүн негизинде тартылган жокпу? Россиянын ушул программасы менен да иштешесиздерби?

-2000-жылдарда мен кылмыш-кырсык окуяларын чагылдырган “Шок-факт” деген көрсөтүүнүн алып баруучусу элем. ИИМден жана аймактардагы милиция бөлүмчөлөрүнөн дайынсыз жоголгондордун багыттамасы жөнөтүлуп, биз эфир аркылуу жарыя берчүбуз. Бирок, алардын кийинки тагдыры эмне болгону белгисиз бойдон калчу. Ушундан улам бизге дагы “Жди меня” сыяктуу көрсөтүү керек экендигин чыгармачыл топ менен чогуу талкуулап калчубуз. Акыры долбоор менин сунушум менен колдоо тапты.

Албетте, “Жди меня” программасы менен байланышыбыз бар, 2012- жылы жетекчиликтин колдоосу менен режиссерум экөөбуз барып, тажрыйба алмашып келгенбиз. 2013-жылы алардын чакыруусу менен кайрадан барып, иштин баардык процесстерине катышып келдик. Сапарыбыз текке кеткен жок десек болот, ушул күнгө чейин алар менен байланышып, керектүү суроолорубузга жооп алып турабыз.

Фото:Россиянын 1-каналы. “Жди меня” программасында

-“Кызыл ай” коому менен да иштесиздерби? Чет өлкөдөн табылгандар барбы?

-Биз КРнын “Улуттук Кызыл Ай” коомунун издеп-иликтөө кызматы менен тыгыз аракет жүргүзөбүз. Алар 185 өлкөдөгү “Кызыл Крест” жана “Кызыл Ай” коомдорунун мүчөсү болгондуктан издөө аракеттеринин кайсы бир түрүндө өзгөчө жардам бере алышат. Мисалы, 2-дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин мүрзөсүн тактоодо, жаңжал чыккан аймактарда бири-биринен адашып калгандар тууралуу маалыматтарды чогултууда, абакта отургандарды жакын адамдары менен кабарлаштырууда ошондой эле миграция меселесинде бизге абдан чоң дем-күч берип келе жатышат. Артта калган жылдарда “Кызыл Ай” коому менен бирдикте Тажикстандан, Түркмөнстандан, Казакстандан, Россиянын ар башка аймактарынан ,ал тургай Африкадан дагы бири-бирин издеген үй-бүлө мүчөлөрүн кол кармаштырып, жолуктурдук. Жакынкы күндөрдө биз кызматташуубузду дагы бир тепкичке көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Акыркы 4 жылдан берки аралыкта чет өлкөлөрдөн табылган Кыргызстандык 18 жаран бир канча жылдардан кийин мекенине кайтты. Ошондой эле 31 мигранттын такталган дареги издеген туугандарына берилип, телефон аркылуу байланышты. Аларды кайтарып келүүдө КР ТИМ, Кыргызстандын Алматыдагы жана Екатеринбургдагы консулдук кызматтары, Моквадагы Кыргыз элчилиги жардам көрсөтушту.

Изделген жарандар тууралуу маалымат чогултууда географиялык чек жок, бул жагынан бизге интернет дагы чоң жардамчы. Эки жыл мурда Кабардино Балкариядан 82 жаштагы карыя келди, 5 жашында Кыргызстандан жоголгон инисине жолугуу үчүн. Кавказдык карыя эки уулу менен биздин студиябызда инисинин кыргыз туугандары менен, кыргыз болуп чоңойгон анын уулу менен жүз көрүштү. Иниси 5 жыл мурда оорудан кайтыш болуптур, көрсө аны кичинесинде балдар үйүнөн кыргыз үй-бүлө багып алышкан экен. Өткөн жылы 14 жашында Кытайдан келип, ошол бойдон ата-энеси, бир туугандары менен байланышы үзүлгөн 84 жаштагы чоң энени Кытайдын Цинь-Цзянь областында жашаган казак төркүндөрү менен скайп аркылуу байланыштырдык. Якутияга кетип, 11 жыл дайыны чыкпаган баткендик жигитти таап, зарыгып-күткөн 80 деги апасы менен сүйлөштүрдүк. Мындай мисалдар абдан көп.

- Бардык кыймыл-аракеттер каражатка барып такалат, сиздердин ушундай жакшы иштериңерге демөөрчү болгондор болобу?

-Көрсөтүү саясаттан тыш, социалдык багытта болгондуктан демөөрчүлөрдү тартуу жеңил эмес. Бирок биз кандайдыр бир кыйынчылыктардан аттап өтүүнү үйрөндүк. Жаңы багытка карай канчалык кадам таштаган сайын ошончолук коом өзгөрүп, техника өнүгүп дегендей артка кылчаюуга же бир орунда токтоп калууга жол жок.

Ошентсе дагы, адамдык ресурс абдан зарыл экенин айта кеткеним туура болот. Россиянын “Жди меня” программасында 13 редактор, 4 режиссер, 6 кабарчы эмгектенсе,“Кайдасың?” программасында жарым жартылай бөлүнгөн (башка долбоорлордо дагы иштейт) режиссерум экөөбүз гана иш жүргүзөбүз. Менин мойнумда редакторлук иштен тышкары күн сайын келген адамдарды кабыл алуу, каттар менен таанышуу, изделип жаткан адам тууралуу түшкөн маалыматтарды такташтыруу, табылгандар үчүн жолугушууларды уюштуруу сыяктуу толгон-токой түйшүктөр бар. Бул иштерде кээде чанда практикага келген студенттерден жардам алам. Кошумча редактордун зарылдыгы бар, бирок сиз айткандай каражатка такалган учурлар жок эмес.

- Жоголгон адамдардын көбү кайсыл жерден, кайсыл өлкөдөн же аймактан табылат?

-Менин ар бир иш күнүм редакцияга келген каттарды окуу менен башталат. Каттар мурда аймактардан эле келсе, азыр электрондук почта же соц тармактар аркылуу бүт дүйнөдөн келет. Башка улуттардын өкүлдөрү дагы кайрылышат. Ар бир каттын өзүнө гана таандык мазмуну бар. Андыктан каттарга кылдат мамиле жасап, кайрылган адамдын каалоосу кандай багытта экенин түшүнүү кажет. Туура анализ туура жыйынтык берет. Кат кайсы жактан келсе, кайсыл тарапка багытталса биз ошол жак менен байланышууга жол издейбиз. Издеп-иликтөөдө географиялык чек жок, табылгандар бир эле Кыргызстандын аймагынан эмес коңшу Казакстандан, Россиядан жана башка чет өлкөлөрдөн. Мүмкүнчүлүгү бар жарандар биз чакырганда келишет, айрымдары скайп же телефон аркылуу байланышып-кабарлашат, кээсине такталган даректерди беребиз, өздөрү каалаган учурда байланышып алышат.

Биз бүгүн Эл аралык деңгээлде иш жүргүзүп жатабыз деп айта алабыз. Анткени, Кытай борбордук телеберүүсүнүн орус тилдүү аудиторияга арналган CGTN-Русский Эл Аралык каналындагы «Жди меня» долбоору менен кызматташканыбызга эки жыл болду. Кызматташуунун алкагында алар күнөстүү Кыргызстаныбызга келип, өз тажрыйбаларынан бөлүшүп кетишкен. Ошондой эле биздин каарманыбыздын тагдыры тууралуу биргелешип даярдаган документалдуу фильм аталган телеканалда жана бизде көрүүчүлөргө тартууланды. Издөө аракеттеринде алардын мүмкүнчүлүгү чоң.

Фото: Кытай Борбордук теле берүүсундогу CGTN_Русский каналындагы «Жди меня” көрсөтүүсүнүн чыгармачыл тобу менен

-Жүрөгүңүздү өйүгөн маселе кайсы? Сиздин эсиңизден кетпеген окуяны айтып берсениз?

-“Кайдасың”мамлекеттеги бир күндө чечүүгө мумкүн болбогон ондогон социалдык түйүндөрдүн бирин мүмкүнчүлүккө жараша чечип келе жаткан ири теледолбоор. Көрсөтүүнүн көмөгү менен жарыкка келгенде эле багууга кетип, биологиялык энесин издеген 14 жаран өз энеси менен көрүшө алды. Апасын тапкандардын эң улуусу 42 жашта болсо, кичүүсү 17 жаштагылар.

10 жылдан ашуун аралыкта согушта дайынсыз жоголгон 1600 жоокердин даректери такталды. Алардын айрымдары согуштук туткун лагеринде каза тапкандар жана сөөктөру Европа өлкөлөрүнө коюлгандар болуп чыкты. 6 жоокердин туугандары Германияга, Польшага дагы 11 жоокердин туугандары Украинага, Россияга барып, таазим көрсөтүп кайтышты.

Окуялардын көпчүлүгү менин эсимде так сакталат. Журөгүмду өйүгөн маселе –үй-бүлө кутүүдөгү жоопкерсиздик, бүгүн үйлөнуп, эртен ажырашып кеткендер же убактылуу жашап жүрүп балалуу болгондор – баланын келечеги үчүн чоң сокку экенин унутпашы керек. Бала эртеби, кечпи, өзүнөн алыс болгон өмүрдөгү эң жакын адамын издейт, бирок алар жолуккан учурда бөлөк болуп калганын сезет. Ошентип, баланын канча жылдар ичинде сактаган каалоосу ордунан чыкпай калат же биротоло өчөт.

Ар дайым келген каттарды иретке келтирип жатып, бири-бирин кайгырып издегендер аягына чыгышын каалайм. Адамдар бири-бирин башка нукта,кайсы бир жакшы учурларды бөлүшүү үчүн гана издеп калышын күтөм. Жакынкы жылдарда көрсөтүү лирикалык нукка бурулуп, жашоону көрккө бөлөгөн баалуулуктар тууралуу баяндарга жол ачсак деген максатыбыз бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!