Айгүл гүлүн үзгөн кызга эскертүү беришти

3-Май 2017, Шаршемби

Социалдык тармак колдонуучулары кучак толо Айгүл гүлүн кармап сүрөткө түшкөн кыздын тек-жайын аныктап, ага эскертүү беришти.

“Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу Мырза Добутов гүл көтөргөн кыздын сүрөтүн жарыялап, аты-жөнүн аныктоого жардам берүүнү өтүнгөн. Көп узабай Динара Калбекова аттуу жаран экени, жерлиги Жалал-Абад экени аныкталган.

Колдонуучулар өзгөчө коруктагы, Кызыл китепке кирген гүлдү үзгөн кыздын аракетин сынга алышса, айрымдары билбегендиктен үзгөнүн айтышып, экинчи ирет бул жорукту кайталабоону айтышып, акылга чакырышкан.

Уникалдуу Айгүл гүлү Кыргызстанда Баткен облусунда гана өсөт. Гүл он жылда бир гүл ачып, апрель айынын орто чендеринде гүлдөйт. Аны көрүү үчүн өлкөнүн туш-тарабынан жана чет өлкөлөрдөн келишет. Жергиликтүү тургундар гүлдү коргоо максатында маршруттук жол салышып, атайын тосмолорду орнотушкан. Гүлдүн бир даанасын үзгөндөргө 4,5 миң сом айып пул салынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!