Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?

Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
24-Апр. 2019, Шаршемби, 12:52

Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын айрым ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Ак үйдүн алдында митинг өткөрүштү. Аталган мектеп Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жайгашкан.

Айтматов атындагы мектепте эки кызы окуган Кудурет Кенжеев мектептеги акча чогултуу тууралуу буларды айтты:

“Мектепке фонд деп чогулткан. Мектеп фонду дегенде ремонтту түшүнсөк болот, мектепке жумшалыш керек болчу. Ай сайын 500, 700 сомдон берип келатабыз. Биз балдарды лицейдин билим берүү сапаты жакшы деп бергенбиз. Билим берүүсү начар. Эч кандай жыйынтык жок болгондуктан айла жок ушул жакка чыгып жатабыз”

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ата-энелер менен болгон жолугушууда акча чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн жана жаралган маселелер чечелиле турганын билдирди.

“Чыңгыз Айтматов атындагы лицейди мамлекет каржылайт. Болгону бир нече ата-энелер нааразычылыгын билдирип жатышат. Ата-энелер өз ыктыяларлары менен коомдук бирикме түзүшүптүр. Ошол коомдун иши боюнча кандайдыр бир нааразчылыктар пайда болуптур. Биз ата-энелер чогулушуна барган айтканбыз:”Бул силердин чечимиңер, кааласаңыздар бул фонд иштеш керек, каалабасаңар иштебеш керек. Ата-энелерди мыйзам чегинде чечип алгыла”, – деп. Бир нече нараазычылыктарын айтышты. Биз эгер фонд мыйзамдуу иштеп жатса, жылына бир жолу отчет берип турсун деп айттык. Буга Билим берүү министрлиги кандайдыр бир буйрук бере албайт. Ата-энелер өзүлөрү чогултат. Эгер чогултпайм, кереги жок десе ата-энелер өзүлөрү чечим чыгарат. Баары мыйзамдын алкагында болушу керек".

Айтматов атындагы мектептин директору Диляра Абдуллаева өз ыктыяры менен кызматынан кеткени белгилүү болду. Учурда тиешелүү органдар чогултулган акчанын сарпталышы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Аталган мектепте 4500дөн ашык окуучу билим алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты