“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды (фото)

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды (фото)
3-Май 2019, Жума, 14:24

Бүгүн, 3-майда Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде “Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” деген аталыштагы көргөзмө ачылды. Анда сынакка катышкан карикатуристтердин эмгектери көрсөтүлүп, жеңүүчүлөр атайын сыйлыктарга татыды.

Бул сынак сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчуктун назарын буруу жана журналисттердин арасындагы тилектештикти бекемдөө максатында уюштурулган.

Иш-чаранын башында сөз сүйлөгөн “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу ат чабым алдыда экенин айтып, бирок акыркы учурдагы журналисттер менен соттошуу – кандайдыр бир деңгээде сөз эркиндигине болгон кысымдын белгиси экендигин айтты.

“Бүгүн, 3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү. Эгер сөз эркиндиги жөнүндө айта урган болсок, башка шериктеш өлкөлөргө караганда бизде жогорку тепкичте турат. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстан 180 мамлекеттин арасынан 15 тепкич өйдө көтөрүлдү. Кыргызстандын тарыхына көз чаптырсак, жаңыдан бийлике келген адамдар алгач сөз эркиндигине жакшы көңүл буруп келет, бирок акыркы жылдары кысымдар пайда боло баштаганы баарыбызга белгилүү. Учурдагы кырдаалды айта турган болсок, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго 50 млн. сом доо-арыз коюлду. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Андыктан бул кандайдыр бир деңгээлде кысымга карата болгон көрсөткүчтүн белгиси болуп эсептелинет”

“Оппозициядан алысыраак”. Автору: Жанайым Зарылбек кызы.

“Жемкор”. Автору: Абай Узакбаев.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Марат Токоев сынактын катышуучусуна белек берип жатат.


Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түшкөн. Авторлордун катарында кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор да бар. Бул жылы сынактын өзгөчөлүгү – кыздардын да катышканы болду.

Иш-чарада женүүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга сыйлыктар тапшырылды.

Эмгектерди медиа уюмдардын алты өкүлү жана Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген калыстар тобу баалады.

1- орунду Руслан Валитов “Сөз эркиндиги” карикатурасы үчүн жеңип алды.

Ал эми 2- орунга “Мамлекеттик ЖМКлар үчүн” аттуу карикатурасы үчүн Михаил Томилов, 3- орунга “Гүлдөрдүн тили” аттуу карикатурасы үчүн Перизат Турдубекова ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү