Муфтият битир-садаканын өлчөмүн аныктады

Муфтият битир-садаканын өлчөмүн аныктады
6-Май 2019, Дүйшөмбү, 09:06

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы битир-садаканы берүүнүн тартибин бекитти.

Битир-садака жан башына (1 адам) 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет.

Буудай

Мейиз

Ун

Арпа

Курма

Орточо баа

21,87 сом

240 сом

25 сом

15 сом

150сом

Өлчөм

1,600

1, 600

1, 600

3, 200

3, 200

Жалпы

(битир-садаканын баасы)

35сом

384 сом

40 сом

48 сом

480сом

Эскертүү: Битир-садака берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Муфтият бааларды туруксуздугуна байланыштуу, битир-садаканы берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруну эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!