Разаков кыргыз-россия кызматташуусу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Разаков кыргыз-россия кызматташуусу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү
15-Май 2019, Шаршемби, 10:11

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын айрым пункттарын аткаруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Белгилүү болгондой, марттын соңунда Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип кетти. Сапардын жыйынтыгы боюнча ар башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну күчтөндүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге жетишилди. Бул макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Россиянын Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалинск жана Якутск сыяктуу шаарларында пландаштырылган Кыргызстандын Элчилигинин канцелярияларын ачуу деңгээли көбүнесе бизден көз каранды», – деп ырастады ал.

Разаков белгилегендей, 2020-жылы Россияда Кыргызстандын Жылын жана Кыргызстанда Россиянын Жылын өткөрүү сунушталды.

«Ошону менен бирге 8-чи кыргыз-россиялык региондор аралык конференциясынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды өз убагында аткарууга өзгөчө көңүл буруу керек. Улуттук санариптик долбоорлорду ЕАЭБ санариптик күн тартибине шайкештөө, соода, мунай-химиялык өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармагында кызматташууну кеңейтүү маселелерине назар салуу зарыл», – деп жыйынтыктады Разаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты