Шайлообек Дүйшеев Бишкек шаарынын мэрине кайрылуу жасады

Шайлообек Дүйшеев Бишкек шаарынын мэрине кайрылуу жасады
17-Май 2019, Жума, 11:51

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында сүрөтчүлөрдүн картиналарды саткан жайынын күн чыгыш тарабындагы аллеяны кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантуу сунушу менен калаа башчысы Азиз Суракматовго жана мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн кайрылуусунда борбор шаардын чок ортосунда кыргыз китептерин саткан бир дагы дүкөн жок экендигин жана китеп сатып алгысы келген адамдар аны табышы кыйын болуп жаткандыгын белгиледи:

“Эгер Сиздер, “Ала-Тоо” кинотеатрынын ушул жерин кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантууга чечим чыгарып берсеңиздер, ушу тапта кыргыз китептерин асфальтка коюп алып, көрүнгөн жерде сатып жүргөн китеп саткычтардын да, кыргыз жазуучуларынын да сообуна калат элеңиздер. Барар-бара бул жай китеп сатуучу эле жай эмес, кыргыз китептеринин тушоо кесчү, кыргыз акын-жазуучуларынын окурмандар менен жолугушуп турчу маданий жайына да айланат эле. Адабият кызматкерлеринин сообуна эле калып тим болбой, алардын алкышын алып, жакшы ишиңер менен тарыхта да калат элеңиздер. Ойлонуп көргүлөчү?“

Эл акыны учурунда Феликс Кулов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезинде сүрөтчүлөрдүн өтүнүчүн канааттандырып, Ала-Тоо кинотетрынын жанындагы аянтты аларга бөлүп бергенин жана аталган жайда сүрөтчүлөр сүрөттөрүн сатууга жана сүрөт сатып алууну каалаган адамдардын сүрөт сатып алуусуна жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн кошумчалады. Шаардык мэрия азырынча акындын кайрылуусуна жооп бере элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)