Туулган күнүң менен сом!

10-Май 2017, Шаршемби

Кыргызстан 1993-жылы 10-майда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын - кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизген. Кезегинде "сом" деген аталыш кошуна өлкөлөр менен атаандашуу да болгон.

24 жыл аралыгында сом төрт ирет жаңыланып чыгарылды. Коргоо элементтери бир нече ирет жаңыланып, күчөтүлдү. Учурда сомдун 60тан ашуун коргоо белгилери бар.

Улуттук валютабыздын туулган күнүнүн урматына арнап бир учурда колдонгон, балким аны кармаганга үлгүрбөй калган “тарыхый” банкноттор, көзгө сүйкүмдүү көрүнгөн, бирок айрым коллекционерлердин капчыгынан гана көрүүгө болгон кагаз тыйындар, дегеле кыргыз сомунун басып өткөн жолундагы ар бир ийгилик, жаңылануу, жаңы табылгалар тууралуу баяндамакчыбыз.

1993-жылы алгачкы улуттук валюта катары чыгарылган кагаз тыйындар көлөмү жагынан окшош келип, түсү жана номиналы боюнча айырмаланган

Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор 1993-жылы жаз айларында жүгүртүүгө чыгарылган. (Биринчи чыгарылыш)


1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго караганда жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.







Улуттук валютаны өркүндөтүүнүн үчүнчү баскычы 1997-жылдан тартып башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом наркындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган.

Ал эми 2000-жылы жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Төртүнчү чыгарылыштагы валюталар бир топ өзгөчөлүктөр менен басылып чыгарылган.

Акчалардагы атактуу инсандардын сүрөттөрү оң жакка жылдырылып, айрымдарында көзү азиз адамдар үчүн белги коюлган. Атактуу актер Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү түшүрүлгөн 5000 сомдук банкноттордун дүйнөлүк сынагында байгелүү орунду багындырган.

20, 50, 100 жана 200, 500, 1000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен чыгарыла баштаган.



2008-2009 жылдары 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 сом номиналындагы жүгүртүү монеталары чыгарылган.
























Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!