​Диний окуу жайлар тууралуу баяндама жарыяланды

​Диний окуу жайлар тууралуу баяндама жарыяланды
31-Май 2019, Жума, 13:57

Бүгүн, 31-майда Булан институту "КРдагы Исламий диний билим берүүнү реформалоо аракеттери: жетишкендиктер жана кыйынчылыктар” деп аталган баяндамасын жарыялады. Бул баяндамада Кыргызстанда диний билим берүүнү калыптаныш тарыхы, учурдагы Исламий диний окуу жайлардын абалы, окуу программасы жана аларга жаңы коюлуп аткан талаптар тууралуу кеңири анализ берилген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Исламий билимге кызыгуу күч алып, медреселер ачыла баштаган. Бирок, аларды каттоо, стандартка салуу жана бирдиктүү окуу программасын киргизүүнү ишке ашырган нормалар жана бирдиктүү система жок болгон. 2014-жылы Коопсуздук кеңеште дин маселелери багытыгында мамлекеттик саясат тууралуу концепция кабыл алынып, анда диний билимге көңүл буруу жана сапатын жогорулатуу максаты коюлган. Ошондон бери диний окуу жайларды бир стандартка келтирүү, талапты жогорулатуу жана билим сапатын жакшыртуу аракеттери жүрүп атат.

Учурда Кыргызстанда бир Ислам университети, тогуз Ислам институту жана 113 медресе катталган. Булан институтунун баяндамасында бул окуу жайлардагы көйгөйлөр, окуу программалары, жетишкендиктер жана реформалоого тоскоол болуп аткан жагдайлар анализденген.

Баяндама КРнын Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиясынын, муфтияттын, көз карандысыз эксперттердин, дин аалымдарынын, медресе мүдүрлөрүнүн жана теологдордун берген маалыматтарынын негизинде даярдалган..

Булан институту Кыргызстандагы билим берүү системасы боюнча иш алып барууда.Бишкекте жана Женевада кеңсеси бар. Женевадагы кеңсеси адам укугу жана эл аралык коопсуздук боюнча иш алып барат. Институтту Чолпон Орозобекова жетектейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!