Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушев орозо айт күнүнүн так датасына байланыштуу ача пикир жаралганынан улам элге кайрылуу жасады.
Ал өзүнүн кайрылуусунда орозо айт майрамы 5-июнда болорун белгилеп, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды:
Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда айт майрамы белгиленет. 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Күнөөкөр болбогула!
Орозо айт намазы 5-июнь күнү эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00до башталмакчы. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.
Айт намаздын программасы төмөндөгүдөй:
06:00-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 — Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 — Өкмөттүн куттуктоосу;
07:30 — Айт намаз.