Кайрымдуулук маданиятын кантип калыптандырабыз?

10-Май 2017, Шаршемби

Жыл башынан бери жергебизде жүз берген кайгылуу окуялар элибиздин башын кошуп, кыйын күндөрдө бирге болууга ашыккан боорукерлик сапатын айгинеледи. Кайрымдуулук маданияты кайрадан калыптанып, жардам берүү жөрөлгөсү жанданды. Бирок, кашыктап чогултулган каражат ачык айтылбагандыгын сынга алгандар эл арасында эми гана калыптанып келе жаткан жардам берүү маданияты мокоду деп баа берүүдө.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй Дача конушундагы жай тургундардын өмүрүн алган учак кырсыгы болгон алгачкы сааттан баштап кыргызстандыктар кайгыга муунган элге кайрат айтып, колунан келген жардамын берүүгө ашыкты. Туш-тараптан келген гуманитардык жардамдан сырткары атайын ачылган эсепке кызматкерлер бир күндүк маянасын, ардагерлер пенсиясын, кичинекей балдар копилкага топтоп жүргөн тыйындарына чейин беришти. Тамчыдан куралган көл авиа апаатта жакынын жоготкондордун жараатын айыктырууга жардам бергендей болду.

Дээрлик үч ай сакталып турган атайын эсептеги акча акырында кырсыкта жакынын жоготкондорго, ден соолугу жабыркагандарга, мүлдө айыл элине текши бөлүнүп берилгенин өкмөт жар салды. Бирок коомчулукта көмүскө таратылган каражат күдүк ойду жаратып, соопчулукка чогулган акча сол чөнтөккө кетти деген түкшүмөлдөр түз да, кыйыр да өкмөттүн дарегине айтылды.

Буга жооп кылып өкмөт каражат каза болгондордун жакындарынын жеке өтүнүчү менен алардын коопсуздугу үчүн ачык-айкын айтылбаганын билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева “Биринчи кезекте каза болгондордун жакындарына, балдарына, анын ичинде жетим калган эки балага акча атайын алардын атына ачылган эсепке которулду. Албетте, жабыркагандардын өз эрки. Бирок, акча эң биринчи кезекте турак жай алыш үчүн жумшалат деген пикирдебиз. Экинчиден, элден түшкөн акча Дача СУда жашап жаткан, кудайга шүгүр, аман калган мекендештерибизге таратылды. Адам өмүрү кыйылган кайгылуу окуялардан да саясат жасабайлы”,-деп кайрылуу жасады.

Көп узабай Өзгөндүн Аюу-Сай айылында жер көчкү 24 адамды басып калды. Бул кырсыкты элибиз өз кайгысындай кабыл алып, салт болуп бара жаткан жардамдашуу жөрөлгөсүн улап, жер-жерлерде активисттер өз алдынча каражат топтой баштады. Алар мунун себебин буга чейинки атайын эсепке түшкөн акчанын ачык-айкын бөлүштүрүлбөгөнүнөн улам, ушундай кадам жасаган.

Ош шаарынын тургуну, жарандык активист Акбалык Жумалиева банктан атайын эсеп ачып жер көчкүдөн жабыр тарткандар үчүн каражат чогултуп жатат.

Айтымында, авиакырсыкта жапа тырмак чогулган акча жашыруун таратылгандан кийин калк арасында ишеним жоголгон.

“Мага фейсбук колдонуучулары суранып, ушул тармак аркылуу акча чогултууну сунуштады. Мени фейсбуктан башка эч ким тааныбаса, башка аттуу-баштуу инсандарыбыз чогултса жакшы болот эле дедим. Кайра-кайра суранып калышты. Чындан эле эл жардам бергиси келип жатса, баш тартканым болбойт деп чогулта баштадым. Азырынча активдүү эмес, ошентсе да берип жатышат. Белгилүү болгондой мурда өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу боюнча каражат топтоп баштаганбыз. Бирок, ал көп сумманы талап кылгандыктан токтоп калды. Ал жердеги аздыр-көптүр каражатты кошуп, жер көчкүдөн жабыр тарткандарга даректүү жеткиребиз”,-деди активист Акбалык Жумалиева.

Көп жылдардан бери кайрымдуулук иштерин жасап келе жаткан “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду да өз алдынча каражат топтоодо. Фонддун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов эл арасында эми гана калыптанып келе жаткан кайрымдуулук маданияты бул окуядан кийин мокой түштү деп баа берди.

“Мен эки түрдүү маалымат алдым. Маалыматтын бир тарабы – жардам алган инсандар канча акча алганыбыз айтылбасын деген өтүнүчүнөн улам айтылбады деген дешти. Экинчиси, элге бийликтин колунда массалык маалымат каражаттары бар да. ММК аркылуу ачык-айкын толук айтып койсо деле жакшы болмок. Элдин бири-бирине жардам берүүгө умтулган кайрымдуулук маданияты бир аз мокой түштү. Себеби дегенде Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыр тарткандарга оңдуу деле каражат топтой алган жокпуз. Өзүбүздүн аудитория аркылуу негедир жалпы эл катышкан жок. Ал эми учак кырсыгында жабыр тарткандар үчүн күнүнө 300 миң сомдон каражат түшүп жаткан”,-деди Арзыкулов.

Ошондой эле ал “жапа чеккендер үчүн каражат топтоо башаламан негизде жүрүүдө”,- дейт.

“Негизи каражат топтоо баш аламан нукта жүрүп жатат. Кээ бирлери уурдатты, айрымдары так маалымат бербегендигинен улам ишенимден чыгып калды. Бир эле мамлекет эмес, жалпы эле бир система болбогондугун көрсөттү. Кээ бир гана уюмдар өзүнүн отчетун көрсөттү. Маселен, биз деле колубуздан келишинче өз отчетубузду бердик. Бирок, ЖМК биздин колдо болбогон үчүн коомчулуктун кеңири катмарына жайылта албадык. Элден чолгулган акчанын эсеби элге толук отчету менен көрсөтүлбөгөндүктөн ишенимден чыгып калдык деп ойлойм”,-деп кошумчалады ал.

Мындан аз күн мурда өкмөт Өзгөндөгү жер көчкү жана Чоң-Алайдагы жер титирөөдө жабыр тарткандар үчүн каражат топтоо максатында атайын эсеп ачты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча канча каражат түшкөндүгү тууралуу маалымат жоктугун, эртеңден баштап белгилүү болорун билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!