​8-июнь: тоолуу райондордо кар жаайт

​8-июнь: тоолуу райондордо кар жаайт
7-Июнь 2019, Жума, 17:57

8-июнда, түнкүсүн тоолуу райондордо кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде үзгүлтүксүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,

Ош облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Нарын аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт. Күндүз жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 14 метрге жетет. Түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градус жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!