Россияда кыргызстандык кыз 9-кабаттан кулады

Россияда кыргызстандык кыз 9-кабаттан кулады
13-Июнь 2019, Бейшемби, 11:37

Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандык 17 жаштагы студент кыз тогузунчу кабаттан кулап түштү.

Россиянын ЖМКлары маалымдагандай, бул окуя 11-июнь күнү саат 21:00дөр чамасында болгон.

Студен кыз Пушкин районундагы көп кабаттуу уйлөрдүн биринде апасы жана улуу эжеси менен жашачу. Окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болчу. Окуянын күбөлөрүнүн айтуусу боюнча кыз кокустан терезе жууп жаткан учурунда кулап түшкөн.

Дарыгерлердин айтуусунда кыздын баш мээси жабыркап, көкүрөк клеткалары, бели катуу жаракат алган. Азыркы тапта кыз ооруканада. Абалы оор.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!