Кыргызстандык кыз Москавада көз жумду.

 Кыргызстандык кыз Москавада көз жумду.
14-Июнь 2019, Жума, 12:16

Кыргызстандык 18 жаштагы кыз достору менен эс алып жүргөн учурунда сууга чөгүп көз жумду. Бул окуя Москвада «Строгино» метросунун станциясынын аймагында болгон. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлашты.

Жалад-Абад обласынын Сузак районунда 2001-жылы туулган Б.Г. аттуу кыз достору менен сууга түшүп келүүнү чечишкен. Күбөлөрдүн айтымында, кыз сууга кирип кетип ошол бойдон чыкпай калган. Жанындагы достору 20 мүнөт кызды таппай, андан кийин куткаруучулар келип алып чыгышкан. Куткаруучулардын биринчи жардамына карабай кыз көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!