Жаштар театрынын актерлору эл аралык фестивалда жеңүүчү болушту

Жаштар театрынын актерлору эл аралык фестивалда жеңүүчү болушту
14-Июнь 2019, Жума, 12:56

Бишкек жаштар театрынын артисттери Башкорстандын Уфа шаарында өткөн «Туганлык» аттуу фестивалда номинацияга ээ болушту.

Бакен Кыдыкеев атындагы жаштар театрынын артисттери 29 - майда Уфа шаарында өткөн фестивалга катышып “Кар көчкү” аттуу спектаклди тартуулашкан.

Жаштар театры маалымдагандай, алар “Психологиялык театрдын салтын улай” аттуу номинацияны утуп алышкан.

“Кар көчкү” спектакли түрк драматургу Тунджера Джюдженоглунун чыгармасынын негизинде коюлуп, ал эми анын режиссеру Эльвира Ибрагимова болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!