15-июндан 16-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө

15-июндан 16-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө
14-Июнь 2019, Жума, 14:47

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 15-июнь жана 16-июнь күнү Кыргызстандын аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарга кар түшүүсү күтүлүүдө.

Чүй, Талас, Жалал-Абад областарында Ысык-Көл дубанынын чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаайт. Нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!