Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты

Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
15-Июнь 2019, Ишемби, 11:57

Дизайнерлер жана моделдер Сеулда өткөн “Face of Asia” аттуу мода көргөзмөсүндө Кыргызстандын атын чыгарышты. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Дизайнер Ынтымак Абдылдаев улуттук кийимдерди көрсөтүп, Екатерина Руденко жана Кемран Илесов аттуу моделдер көргөзмөгө чыгышкан. Мындан тышкары Екатерина Заболотнованын кийим көргөзмөсү көрсөтүлгөн.

Андан тышкары 6-июнь күнү Екатерина Заболотнованын Улуу Жибек жолуна арналган «Смузи» аттуу көргөзмөсү Лондон шаарында көргөзмөгө койулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!