Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду

Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 11:31

Баткен областынын Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычына 20 жаштагы жана 22 жаштагы эки жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эске салсак, 15-июнь күнү жигиттер суу сактагычтын жанында жүрүшкөн. 20 жаштагы жигиттер сууда сүзүп баратып чөгө баштаган. 22 жаштагы жигит куткарам деп барып өзү кошо чөгүп кеткен. Аларды издөө иштерине 34 куткаруучу тартылган. Бир жигиттин сөөгү 16-июнь күнү эртең менен саат 7.35те, ал эми экинчи жигиттин сөөгү саат 7.55те табылган.

Маркумдардын сөөгү кечээ, 16-июнда жерге берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!