Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет

Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 12:23

СССР эл артисти, КРнын эл артисти, балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин 70-жылдык мааракеси белгиленет.

Бул иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлдү. Бул буйрукка 30-май күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өкмөттүн токтомуна ылайык уюштуруу комитети мааракени өткөрүү боюнча иш планын даярдап жана бекитүү керек.

Эскерте кетсек, Чолпонбек Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып бергендиги менен таанымал.

Репертуарындагы «Шопениана», «Жизель», «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу» классикалык балеттери жана бий өнөрлөрүн мыкты аткарган.

СССР эл артисти Чолпонбек Базарбаев Бүбүсара Бейшеналиевадан таалим алган. Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы төрөлүп 2002-жылы каза тапкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!