Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 14:05

22-июнь күнү “Балдарды коргоо борбору" коомдук уюмунда балдардын сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул жерде балдар жашоого болгон көз караштарын, мектептеги көйгөй маселелерин сүрөт аркылуу чагылдырып беришет.

“Балдарды коргоо борбору" маалымдагандай, 2018-жылдын аягында Бишкек шаарындагы Ак-Ордо, Ак-Бата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Энесай жаңы конушунда окуган окуучулар мектепте жана өзүлөрүнүн айлана-чөйрөсүндө кезиктирген көйгөй маселелерин изилдешкен.

“Изилдөөнүн жыйынтыгында балдар эң көйгөйлүү маселелерди алып сүрөткө тартышкан, жаңы конуштагы жаштардын жашоо турмушун оңдоо максатында жана чечилүү жолдорун табуу максатында сүрөттөрүн мугалимдерине жана ата-энелерине көрсөтүшкөн”,- деп маалыматта айтылат.

Андан тышкары жаш өспүрүм кыздардын укугун коргоо максатындагы флешмоб көрсөтүшөт. Бул театралдык бийдин идеясы окуучулардын өздөрүнө таандык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!