Аксыда сууга түшүп кеткен 15 жаштагы кызды издөө уланууда

Аксыда сууга түшүп кеткен 15 жаштагы  кызды издөө уланууда
18-Июнь 2019, Шейшемби, 14:19

Жалал-Абад областынын Аксы районунда 15 жаштагы сууга чөгүп кеткен кызды издөө иши уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Бүгүн, 18-июнда издөө иштери уланууда жана ага 10 куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Нарын дарыясына чөгүп кеткен кыз апасы менен бирге таенесинин кыркына барган.Жергиликтүү тургундардын айтымында, 3 өспүрүм кыз Үч-Коргон айыл өкмөтү аркылуу агып өткөн Нарын дарыясынын жээгине барышып, таштан ташка секирип ойношкон. Ошол учурда кыздын буту сыйгаланып, сууга түшүп кеткен.

Сууга чөгүп кеткен кыз Үч-Коргон айылындагы №42 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. 2018-жылы турмуш шартка байланыштуу ата-энеси менен Бишкек шаарына көчүп келишкен жана окуусун шаардан уланткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР