Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт

Бишкекте
19-Июнь 2019, Шаршемби, 10:21

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн ачык асман алдында “Тенгри” аттуу музыкалык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Биринчи концерт 21-июнь күнү, саат 19:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында өтөт.

Музыка сүйүүчүлөр үчүн атайын симфониялык оркестрдин коштоосунда классикалык, эстрадалык жана элдик музыкалар ойнолот.

Бишкек шаарынын мэриясы баардык тургундарды бул маданий иш-чарага келип, музыкадан ырахат алып эс алып кетүүгө чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!