Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды

Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
19-Июнь 2019, Шаршемби, 12:06

Интернетте муздаткычка эки бала кирип чыга албай, тумчугуп калышкан видеону тарткандыгы үчүн Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн үч милиционери жазаланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча ИИБдин тартиптик жобосундагы, Этика кодексиндеги талаптарды одоно бузгандыгы үчүн жана милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн милиционерлер дисциплинардык тартипте жазага тартылышты. Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын буйругу менен Түп РИИБдин кызматкери Ж.Ч. кызматына толук ылайык келбөө боюнча эскертүү алса, Түп РИИБдин дагы бир кызматкери С.К.га катуу сөгүш жарыяланды. Ал эми Түп РИИБдин башчысынын орун басарына дисциплинардык жаза-эскертүү берилди.

Эскерте кетсек, Түп районунун Михайловка айлында 4 жана 6 жаштагы бир туугандар эски муздаткычка кирип чыга албай, тумчугуп калышкан. Алардын денеси бир нече сааттан кийин табылган болчу. Интернетте тараган видеодон муздаткычты ачып, балдардын денесин алып чыгып жаткан милиционерлердин кадрын көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту