Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды

Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
19-Июнь 2019, Шаршемби, 14:13

Жангарчиева Мира Камилевна Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин директору болуп дайындалды. Бул жарлыкка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгонун, бүгүн 19-июнда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Мира Жангарачева 1952-жылы туулган, жогорку билимдүү.1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Буга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин директору Шыгаев Юристанбек Абдиевич ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!