​Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата кинокербен өтүп жатат

​Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата кинокербен өтүп жатат
20-Июнь 2019, Бейшемби, 17:24

Талас шаарында Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата кинокербени өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Киноматография департаменти маалымдады.

Иш-чаранын алкагында режиссер Болот Шамшиевдин «Караш-Караш» жана Төлөмүш Океевдин «Улан» аттуу кинолору көрсөтүлүүдө.

Бул иш-чара 23-июнга чейин уланат. Департаменттин маалыматына таянсак, Сүймөнкул Чокморовдун катышуусунда тартылган кинолор Кыргызстандын баардык айыл-.аймактарында көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы оорудан улам каза болгон. Азыркы убакта Сүймөнкул Чокморовдун артынан 400дөй живопись эмгектери жана 20 кинодо тартылган эң мыкты образдарды калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!