Эжесинен кордук көргөн кыздар Ошто жашаган атасына жеткирип коюуну суранган

Эжесинен кордук көргөн кыздар  Ошто жашаган атасына жеткирип коюуну суранган
21-Июнь 2019, Жума, 12:00

Эжесинен кордук көргөн 7 жана 11 жаштагы өспүрүм кыздар Ошто жашаган атасына жеткирип коюсун суранган. Акыйкатчы институту кабарлагандай, бул окуя тууралуу маалымат кечээ саат 21:05те келип түшкөн.

“Жүргүнчү ташыган айдоочулар телефон чалып, жашы жете элек эки өспүрүм кыздар Ошто жашаган атасына жеткирип коюсун суранып жатышканын айтышкан", – деди Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.

Телефон чалуу болор замат Акыйкатчынын орун басары Гульнара Жамгырчиева Батыш автобекетине чыккан. Жамгырчиева кыздар менен сүйлөшүүдө, апасы каза болуп калгандыктан, Бишкекте эжесинин (атасынын бир тууганы) менен жашай турганын, атасы Ош облусундагы Отуз-Адыр айылында жашаарын тактаган.

11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербөөнү суранган, айтымында эжеси аларды колуна эмне тийсе ошону менен чаап, балдар үйүнө өткөрөм деп дайыма коркутат.

Ошол күнү Жамгырчиева кыздардын атасына телефон чалса, атасы телефонуна жооп берген эмес. Буга байланыштуу Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү атасын табуу үчүн жолго чыкты. Кыздардын укугунун жана коопсуздугунун сакталышы боюнча Акыйкатчы аппараты көзөмөл кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!